• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

16-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.02.24./Кабар/. Синоптиктер аба ырайына байланылтуу чукул билдирүү таратып, өлкө аймагында 17-февралдан тарта суук болорун эскертишти.

Бүгүн үндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй жана Ысык-Көл облустарында күндүз 2…7, Талас облусунда 1…6 градус, Нарында -3…+2 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 7…12 градус жылуу болушу ыктымал,

Бишкек шаарында бүгүн жаан, кар жаайт. Абанын температурасы күндүз 3…5 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий