• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

16-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 16-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, облусунда +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3...+8, Талас облусунда +2...+7, Ысык-Көл облусунда +1...+6, Нарын облусунда -3...+2 градус болору күтүлүүдө.

Бүгүн Бишкек шаарында жамгыр, кар жаайт. Абанын температурасы +6...+8 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий