17-21-мартка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. 17-мартта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат: секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-мартта түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 18-мартта күндүз жана 19-мартта Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

20-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй облусунун айрым жерлеринде катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт. 20-мартта күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

21-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы, секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий