• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

17-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. 17-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Контррезервуар" суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө жүргүзүлчү оңдоо иштерине байланыштуу 17-сентябрда саат 9:00дөн 19:00гө чейин Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасына таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет:
- Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий