• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

1776 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды

Президент 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 5 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

3 Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1776 адам кабыл алынат (анын ичинен 1446 — чоң адамдар жана 330 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

2 Жарлыкка ылайык, 964 адам (анын ичинен 747 — чоң адамдар жана 217 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат.

Бардыгы 2740 адам кайрылышкан (2193 — чоң адамдар жана 547 — балдар).

Жарлыктар менен бул жерден таанышууга болот: 1, 2, 3, 4, 5.

Пикир

Оставить комментарий