Бишкек. 17.04.19 /Кабар/. 18-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Республиканын калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19...+24, Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +20...+25.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13...+18, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +14...+19.
Эртең Бишкек менен Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Бишкекте түнкүсүн +8…+10, күндүз +16...+18, ал эми Ошто түнкүсүн +9…+11, түнкүсүн +17…+19.
Пикир
Оставить комментарий