• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

19-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 19-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +2…+7, Талас облусунда +3…+8 Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10, Ысык-Көл облусунда +1…+6, Нарын облусунда -4…-9 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +4…+6 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий