• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

19-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. 19-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Ал эми 19-февралда күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...+4, Талас облусунда -6...-11, күндүз -1...+4 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...+5, Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз -1...-6 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…+8 градус суук болот.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -5...-7, күндүз 2...4 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий