• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бүгүндөн тарта карызы бар кыргызстандыктардын газы өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 01.06.24. /Кабар/. «Бишкекгаз», «Чүйгаз», «Ошгаз» жана «Жалалабатгаз» газ кызматтары бүгүн, 1-июндан тарта эки жана андан көп айлык карызы топтолгон абоненттерге жаратылыш газын берүү токтотуларын маалымдайт.

Газ камсыздоо тутумуна кайрадан кошулуу үчүн абонент төмөндөгү аракеттерди жасашы керек:

  1. Карызды толугу менен жабуу. Төлөмдү жеткиликтүү болгон каалаган ыкма менен, анын ичинде MEGAPAY, O!Деньги, Balance.kg электрондук капчыктары аркылуу жүргүзсө болот;
  2. Калкты тейлөө кеңселеринде карызды төлөө тууралуу дүмүрчөктү көрсөтүп, кошулууга арыз жазуу;
  3. Калкты тейлөө кеңселеринде кошулуунун акысын төлөө;

Газ камсыздоо тутумунун коопсуздугуна коюлган талаптарды эске алганда, жаратылыш газын берүү 3 иш күндүн ичинде кайра калыбына келтирилет.

Газ кызматтары белгилегендей, төлөбөгөндөр газды тышкы жеткирүүчүнүн алдындагы келишимдик милдеттенмелерди өз убагында аткаруу зарылдыгынан улам керектелген жаратылыш газы үчүн акы төлөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө бир нече жолу эскертилген.

Айдын биринчи күнүнө карата карыздын суммасы/баланс жөнүндө маалыматты төмөнкү платформалардан билип алса болот:

  1. 4444 сурап-билүү кызматы (уюлдук телефондон чалуу акысыз);
  2. www.gazprom.kg сайты.

Пикир

Оставить комментарий