2-майга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 02.05.23./Кабар/. Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, бүгүн, 2-майда өлкөнүн айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +16…+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көл облусунда +10…+15, Нарын облусунда +12…+17 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +18…+20 гардусту көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий