20 миң сомдон жогорку пенсияны КРда 100гө жакын адам алат – калгандар канча алышат?

Коом 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүнкү күндө Социалдык фонддон пенсиялык төлөмдү 648 миңге жакын жаран алат. Алардын 0,2 пайызынын жөлөк пулу 20 миң сомдон ашат.

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин маалыматына караганда, пенсионерлердин жалпы санынан 38 пайызга жакыны жашоо үчүн керек болгон каражаттын минимумунун суммасынан аз акча алышат, 14 пайызы 3 миң сомго чейин, пенсия курагындагы жарандардын 13 пайызы үчүн айлык төлөмдөрдүн суммасы 4 миң сомго чейин.

“Акыркы 8 жылдын ичинде пенсияны жыл сайын жогорулатуу 2 миң сомго чейин пенсия алган адамдардын санын 41,7 пайыздан 2 пайызга чейин азайтууга шарт түздү. 2 миң сомдон 4 миң сомго чейин пенсия алгандардын саны 52 пайыздан 29 пайызга төмөндөдү. 4 миңден 10 миң сомго чейин пенсия алган жарандардын саны 6 пайыздан 66 пайызга көбөйгөнүн белгилеп кетүү керек”, - деп кошумчалады Ирсалиев.

Социалдык фонддун бюджетинен айлык пенсия төлөмдөрүнүн суммасы 1-октябрга чейин 3,5 миллиард сомду түздү. Ушул айдан баштап ал 3,8 миллиард сомго жогорулайт.

Кайра эсептөөнүн жыйынтыгында республика боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 378 сомго көбөйүп, 5 миң 682 сомду түзөт. Аталган чаралар жыл аягына чейин кошумча 744 миллион сом талап кылат.

Пикир

Оставить комментарий