Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Эртең, 20-сентябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин түштүк-чыгыш тарабына таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, муздак суу «Контррезервуар» суу алгычында жана шаардын суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу өчүрүлөт.
Өчүрүү аймагы: Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы. “Алтын Ордо”, “Кара-Жыгач”, “Полиция шаарчасы” конуштары.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.
Пикир
Оставить комментарий