• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

20-сентябрда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 20-сентябрда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий