• 87
  • 90.41
  • 0.84

20 жылдык. Токтогулда бүтүрүүчүлөр көп балалуу жалгыз бой аялга үй салып беришти

Аймак 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Токтогул шаарында 20 жылдык бүтүрүүчүлөр көп балалуу жалгыз аялга үй салып беришти.

Жергиликтүүлөрдүн айтымына караганда, №1 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинин 2003-жылы бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөрү 20 жылдыкты майрамдоодон баш тартышкан. Шаардын 1985-жылы туулган тургундары анын ордуна жалгыз энени кубантып, үйлүү кылуунун чечишкен.

Жолдошу каза болуп калган 58 жаштагы Айнакан Турдугулова 5 баланы тарбиялап келет, бир баласы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген.

20 жылдык бүтүрүүчүлөр шаар тургуну Айнакан Турдугуловага бүгүн үйдүн ачкычын тапшырышкан.

Пикир

Оставить комментарий