• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

2017-жылдын 19-октябрында добуш берилген мыйзам долбоорлору

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.10.17 /Кабар/. Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2,3-окууда кабыл алынды.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, кабыл алынган мыйзамдар төмөнкүлөр:

- “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Рыспаев К.Ж.);

- “2015-жылдын 20-майындагы № 106 “Согуштук абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана 2015-жылдын 14-июлундагы № 163 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам

актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 08.12.15теги № 845 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.06.17деги № 342 токтом).

1-окууда кабыл алынган мыйзам долбоорлору:

- “Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга Протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору(демилгечи – Өкмөт, 29.09.17деги № 629 токтом);

- “Казань шаарында 2017-жылдын 26-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы менен өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өзгөчө субсидияларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин берүүсү менен байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.09.17деги № 557 токтом);

- “2017-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун ортосундагы Төлөнбөгөн чегерилген төгүмдөр боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.09.17деги № 566 токтом).

2-окууда кабыл алынган мыйзам долбоорлору:

- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору(демилгечилер – депутаттар Шадиев А.А., Иманалиев К.К., Нурбаев А.М., Баатырбеков А.Б., Исаева Д.Ш., Сулейманов Б.И., Сабиров М.Э., Артыков А., Орозова К.Б., Жамангулов А.Ж.);

- “Женева шаарында 2005-жылдын 6-декабрында кол коюлган, 1994-жылдын 15-апрелиндеги Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.08.17деги № 519 токтом).

Пикир

Оставить комментарий