• 87
  • 90.41
  • 0.84

2017-жылы КР УИАда алгылыктуу иштер аткарылды

Коом 0

Бишкек, 28.12.17 /Кабар/. 2017-жылы Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясында бир топ алгылыктуу жумуштар жасалды. Илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул иштер Кыргызстандын келечегинде илимдин өсүп-өнүгүшүнө чоң таасир этээри шексиз.

“Атап кетсек, 2017-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан КР УИАнын Мыйзамы кабыл алынса, 14-июлда КР УИАнын Уставы кабыл алынды. Ага ылайык, Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун макамы жана мекеменин президентин шайлоо, УИАнын иш жүргүзүүсү боюнча беренелер өзгөрүп, милдеттери жана функциялары такталды. 2017-жылдын 17-октябрында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10- жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Сапар Исаков тарабынан “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Уставын бекитүү жөнүндө” №672 Токтому кабыл алынды”, -деп билдиришти УИАдан.

“31-октябрда Улуттук илимдер академиясынын президенттигине академик Мурат Садырбекович Жуматаев шайланды.

Быйылкы, 10-ноябрдагы Илим күнү дагы жогорку деңгээлде белгиленип, Кыргыз Улуттук илимдер академиясына КР Премьер-министри Сапар Исаков катышты. Мекеменин илимпоздорун жана кызматкерлерин куттуктап, Өкмөт башчысы УИАнын окумуштууларынан Кыргызстандын өнүгүүсүнө зор салым кошоорун күткөндүгүн жана алардын иштөөсүнө кам көрөөрүн кошумчалап кетти. Бир нече жылдардан бери Өкмөттөн жогорку деңгээлдеги өкүлүнүн келбегендигин эске алганда бул чоң окуя болгондугун белгилей кетүү абзел. Жаңы кабыл алынган Уставдын алкагында 28-ноябрда КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, философия илимдеринин доктору Тогусаков Осмон Асанкулович КР УИАнын вице-президенти, ал эми КР УИАнын президиумунун башкы окумуштуу катчысы болуп биология илимдеринин доктору, профессор Дженбаев Бекмамат Мурзакматович, төрт бөлүмдүн төрагасы, президиумдун мүчөлөрү да шайланды. Айта кетсек, мурдагыдан өзгөчөлөнүп, президиумдун мүчөлүгүнө академиялык гана чөйрөнүн өкүлдөрү шайланбастан, тармактык илимдерде иштеген окумуштуулар, илимдин докторлору да шайланды.

Быйылкы кабыл алынган Мыйзамдын “7 кадам: “Из калтырчу илимдин” негизинде артыкчылыктуу стратегиялык багыттар кабыл алынды.

Ошондой эле илимий потенциалды 2018-жылы Өкмөттүн “Таза коом” санариптик трансформациялоо боюнча программасын жана Өкмөттүн «Жаңы доорго - кырк кадам» программасын ишке ашырууга, экономика менен бизнес секторунда реалдуу аракеттенүүнү кеңейтүү жана илимдер академиясынын окумуштууларынын илимий иштелмелерин жайылтуу багытындагы пландар иштелип чыгууда.

КР УИАнын артыкчылыктуу багыттары катары:

  • Инновациялык маалыматтык технологиялар жана математикалык моделдөө;
  • Жаңы технологиялар жана материалдарды ойлоп табуу;
  • Суу жана энергетикалык ресурстар;
  • Жер жөнүндө илим, тоо кендерин комплекстүү изилдөө жана өздөштүрүү;
  • Экология жана био ар түрдүүлүк проблемалары;
  • Биоресурстарды иштеп чыгуу;
  • Биологиялык коопсуздук жана аба-ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу изилдөөлөр;
  • Адам жана коом: ааламдашуу проблемалары каралууда.

Бул жылдын ичинде Өзбек илимдер академиясы менен илимий кызматташуу жөнүндө кол коюлуп, Кытай, Түштүк Корея, Аргентина, Франция, Германия, Түркия, Белорусия, Азербайжан, Тажикстан, Казакстан, Россия илимдер академияларынын өкүлдөрү менен илимий-инновациялык, маданий, экологиялык ж.б. жаатта кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Мындан тышкары Азия өлкөлөрүнүн илимий коомчулуктары жана илимдер академиялары ассоциациясы, КМШ Эл аралык нанотехнологиялар инновациялык борбору жана Генетикалык инжиринг жана биотехнологиялар боюнча Эл аралык борбору менен кызматташуулар ишке ашырылды. 2017-жылдын 11-12-октябрында Бишкекте КР УИА менен Азия өлкөлөрүнүн илимий коомчулуктары жана илимдер академиялары ассоциациясы уюштурган семинар өтүп, иш-чаранын негизги темасы жер титирөө коопсуздугу жана анын алдын алуу боюнча биргелешкен иш-аракеттер болду.

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Химия-технология, медицина-биология жана айыл чарба бөлүмүнүн төрагасы, корреспондент-мүчө, медицина жана философия илимдеринин доктору Ашимов Исабек Ашимович маанилүү сунуштарды киргизди. Айтсак, биринчи кезекте чечүү зарыл болгон артыкчылыктуу чараларга көңүл бөлүү; КР УИАнын ишинин тартибин оптимизациялоо жана жөнөкөйлөштүрүү; КР УИАнын президиумунун өкүлчүлүктүү жана административдик ишмердигин азайтуу жолу аркылуу илимий-изилдөөчү мекемелерге көбүрөөк өз алдынчалык берүү. Экинчиден, болгон күч-аракетти жылда өтүүчү эки форумга — Академиялык инвестициялык форумга жана Академиялык инновациялык форумга жумшоо зарыл дейт окумуштуу»,- деп билдиришти УИАдан.

Учурда КР Улуттук илимдер академиясында оптимизация боюнча иштер улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий