2017-жылы кыргызстандык ажыларды «Flaynas» авиакомпаниясы ташыйт

Коом 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында 2017-жылдагы ажыларды ташуучу тараптар ортосунда сынак өтүп, ага Сауд Араб Падышачылыгынын жарандык «Flaynas» авиакомпаниясы гана катышты. Конкурска Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КРнын жарандык авиациясынын жана убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Конкурстун жүрүшүндө Азирети муфтий 2016-жылдагы ажылык иштери мыкты уюштурулуп, САПтын ажылык министрлиги тарабынан жогорку деңгээлде баалангандыгын баса белгилеп, УРШнын ишине ийгилик каалады.

Андан соң конкурстун талаптарына ылайык «Flaynas» авиакомпаниясы тиешелүү документтерин сунуштап, эки тараптуу талкуу жүргүзүштү. Ал эми быйылкы жылы «Flaynas» авиакомпаниясы Кыргызстандык ажыларды ташууда авиабилеттин наркы 1550 АКШ доллар болоорун баса белгилеп, авиакомпания 2016-жылдагы баа боюнча калтырылгандыгын кошумчалады.

«Flaynas» авиакомпаниясы 2017-жылдан тарта бир гана ажыларды ташуу менен алектенип келет. Мына быйыл биздин ажыларды ташып жатканыбызга 10 жылдын жүзү болду. Бул жылар аралыгында биздин авиакомпания ажыларга жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүүгө аракет жасап, алар үчүн бардык шарттарды түзүүгө бел байлап келет»,-деди «Flaynas» авиакомпаниясынын аймактар аралык өкүлү Мухаммад Аль-Рожих.

Конкурстун жыйынтыгында 2017-жылдагы убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү бир добуштан ажыларды ташууда кызмат көрсөтүү үчүн «Flaynas» авиакомпаниясын тандап алышты.

Быйылкы жылы Кыргызстандык ажыларды Боинг 767-300 учагы ташып, өздөрүнүн кызматтарын көрсөтүшөөрү белгилүү болду. Ал эми ажыларга 30 кг жүк, 10 кг кол жүк, 5 л зам-зам суусун алууга уруксаат берилди.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 19-январында Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ажыларды ташууда Кыргызстандын жана Сауд Араб Падышачылыгынын жарандык авиакомпаниялары ортосунда конкурс жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий