• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

2017-жылы МСКда коррупция үчүн 4 кызматкер иштен кетсе, 2018-жылы – 6

Коом 0

Бишкек, 04.04.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2017-жылы Мамлекеттик салык кызматында (МСК) терс мотивдер боюнча 4 кызматкер иштеп алынса, 2018-жылдын башынан бери – 5 кызматкер жана ведомствонун төрагасынын орун басары кызматтан алынган. Бул тууралуу “Кабар” агеттигинде өткөн маалымат жыйында КР МСКнын статс-катчысы Карагул уулу Жакып билдирди.

Ал билдиргендей, ведомстводо туруктуу негизде коррупцияга каршы иштер жүрүп жатат, ошондой эле Коопсуздук кеңеши тарабынан да иштер жүргүзүлүүдө.

“Былтыркы жылы терс мотивдерге байланыштуу 4 кызматкер иштен бошотулган, тактап айта турган болсок, козголгон кылмыш ишине байланыштуу. Алардын бардыгы пара алып жаткан кезде колго түшүшкөн. Биз алар менен ишенимден кеткендиктерине байланыштуу кош айтышканбыз”,-деп түшүндүрдү ал.

Карагул уулу Жакып кошумчалагандай, 2018-жылы ишенимден кеткендиктери үчүн 5 кызматкер иштен алынган, алардын бири төраганын орун басары - коррупциялык иштери үчүн бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий