• 87
  • 90.41
  • 0.84

2017-жылы өзгөчө кырдаалдардан 141 кыргызстандык каза болгон - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 16.02.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. 2017-жылы өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 141 кыргызстандык каза болгон. Бул тууралуу ӨКМ коллегиясында ведомство башчысынын орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, жалпысынан 2017-жылы табигый жана техногендик мүнөздөгү 339 өзгөчө кырдаал катталган. Бул 2016-жылга караганда 91ге көп.

“Табигый мүнөздөгү жаратылыш кырсыктарынын өсүшүнүн негизги себептеринин бири 2016-2017-күз-кыш мезгилинде жамгыр жана кардын көп жаашы болуп саналат. Өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында, 141 адам каза болсо, 2016-жылы 47 адам набыт болгон. 2017-жылы келтирилген материалдык чыгым 1 млрд 27 млн 427,5 миң сомду түзүп, 2016-жылы – 1 млрд 6 млн 176,3 миң сомду түзгөн”, - деди Ахматов.

Өзгөчө кырдаалдардын арасында төмөнкү түрлөр басымдуулук кылат: кар көчкү 107 жолу катталган, жер көчкү – 69, сел каптоо – 46, суулардын кириши - 36, катуу шамал 17 ирет катталган.

“Министрликтин куткаруучу бөлүктөрү тарабынан ар түрдүү өзгөчө кырдаалдарда 327 адам куткарылган, анны ичинде, экстремалдык жагдайларда 142, жол кырсыктарынан – 74, өрттөрдөн – 94, көлдөрдөн – 17 адам куткарылган”,- деп көрсөттү министрдин орун басары.

Мындан тышкары ал 2017-жылы 914 адамга жардам көрсөтүлгөн – бекилип калган эшиктерди ачып берүү, дарыгерге чейинки жардам, ар түрдүү штаттан тышкары жагдайлар, ошондой эле 7098 адамга телефон аркылуу кеңеш берилген.

Пикир

Оставить комментарий