Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешелери 2018-жылда 151 млрд. 471 млн. 657,3 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча, анын ичинде республикалык бюджеттин кирешелери – 135 млрд. 436 млн. сом (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын жана МИП гранттарын эсепке алганда), жергиликтүү бюджеттердин кирешелери – 20 млрд. 144 млн. сом.
Пикир
Оставить комментарий