• 87
  • 90.41
  • 0.84

2019-жылдын аягына чейин 44 айыл таза суу менен камсыз болот

Коом 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. 2019-жылдын аягына чейин 44 айыл таза суу менен камсыз кылуу болот. Бул тууралуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтуусунда, 2023-жылга чейин өлкөнүн бардык айылдарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн каражаттар жетиштүү.

"Анын ичинен 2018-жылы 653 айылдын 69 айылы таза суу менен камсыздалды, 2019-жылдын аягына чейин 44 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландаштырылып жатат", - деп билдирди Токтошев.

Эске салсак, бүгүн, 18-сентябрда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өкмөткө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевди жана Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевди кабыл алды.

Суу менен камсыздоо чөйрөсүнүн учурдагы абалы жана көйгөйлөрү, ишмердиги, өлкөнүн ирригациялык системалар түйүнүн жана суу менен камсыз кылуу системаларын реконструкциялоо жана кеңейтүү боюнча артыкчылыктуу пландары талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий