• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

2019-жылга карата мамлекеттик бюджеттин кирешеси 170 млрд. сом болору болжолдонууда

Экономика 0

Бишкек, 07.12.18. /Кабар/. 2019-жылга карата мамлекеттик бюджеттин кирешесинин көлөмү мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эсепке алганда 170 млрд. 459,8 млн. сом же ИДПга карата 28,2%га өсөрү болжолдонууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда КРнын Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылга каралган бюджетке караганда болжолдонуп жаткан кирешелер салык кирешелеринин 0,1%га жана расмий которуулардын 0,8%га түшүүсүнөн улам 0,9%га аз болот.

2018-жылга бекитилген бюджетке салыштырмалуу кирешелердин көлөмү номиналдык туюнтмасында 9%га же 14 млрд. 106,1 млн. сомго көп болот.

Пикир

Оставить комментарий