• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

2019-жылы Нарын облусунда жаңы сүт иштетүүчү завод ишке берилет

Аймак 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-сентябрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарындагы сүт иштетүүчү жаңы ишкана курула турган жер менен таанышты.

Өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 150 тонна сүттү иштетүүчү ишкана 2019-жылдын жазында ишке берилмекчи. Заводдун ишке берилиши менен жаңы 100 жакын жумушчу орун түзүлөт.

Премьер-министр белгилегендей, жергиликтүү бийлик өлкө аймактарын өнүктүрүүгө өз салымын кошуучу ушундай ишканаларга колдон келген көмөктү көрсөтүүсү керек.

Анын айтымында, Нарын облусунун эт, сүт өндүрүү мүмкүндүгү жогору, буга байланыштуу жаңы ишкананын ишке берилиши облустун айыл чарба тармагынын өнүгүшүнө жагымдуу таасирин тийгизет.

«Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан кичи шаарларды жана айылдарды өнүктүрүү багыты аныкталган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жаңы өндүрүш, же ишкана ачууну каалаган бизнес өкүлдөрүнө максималдуу түрдө колдоо көрсөтүүсү тийиш. Аталган чаралар аймактардын экономикасын чыңдоого жана ички миграция агымын кыскартууга мүмкүндүк берет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан соң Өкмөт башчы Нарын шаарындагы муз аянтчасы орун алган спорттук комплекске барды.

Премьер-министр аталган спорт комплексинин машыктыруучулары жана тарбиялануучулары менен маектешип, муз аянтчасын жана имаратты көрүп чыкты.

Мухаммедкалый Абылгазиев өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодогу спорттун орду маанилүү экендигин белгилеп, комплекстин тарбиялануучуларына хоккей клюшкаларын белекке берди.

Пикир

Оставить комментарий