Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. 2019-жылы Соттор кеңешинин дисциплинардык комиссиясы тарабынан 863 кайрылуу каралган. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын ичинен:
- дисциплинардык комиссиясынын чечими менен 456 кайырлуу кайтарылган;
- 167 кайрылуу боюнча дисциплинардык жоопкерчиликке тартуудан баш тарылган;
- 52 дисциплинардык жаза алынган;
- 50 арыздануу боюнча дисциплинардык жаза колдонулган:
- эскертүү – 32;
- сын-пикир – 11;
- сөгүш – 5;
- кызматынан мөөнөтүнөн мурда алуу – 2;
- кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү – 3;
- каралууда – 135 арыз.
Пикир
Оставить комментарий