• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

2019-жылы токой чарба аймактарында 17 өрт кырсыгы катталган

Коом 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. 2019-жылы токой чарба аймактарында 17 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Надырбек Козубаев билдирди.

Ал белгилегендей, өрттүн жалпы аянты 108,77 гектарды түзгөн. Анын ичинен 9,8 гектар жерди токой баскан аянт түзгөн.

"Мамлекеттик токой фондунун токой баскан аянттарын көбөйтүү жана калыбына келтирүү максатында 2019-жылы 1 миң 979 гектар жерге экме токойлор отургузулган. Анын 33 гектары өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы, ал эми 746 гектарды мамлекеттик токой фондунун тышкаркы жерлер түзөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий