• 87.86
  • 93.94
  • 1

2020-жыл «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланды. Жарлыктын тексти

Президент 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-январда кол койгон Жарлыкка ылайык, 2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланды.

Жарлыктын тексти:

2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө

2018-жылы региондорду өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктуу багыты болуп аныкталган.

2019-жылы региондорду өнүктүрүү багыты улантылды, ошол эле учурда санарип технологиялар элдин жашоосун жакшыртуунун маанилүү фактору болуп эсептелерин эске алып,

2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланды.

Өткөн эки жылда региондорду мындан ары өнүктүрүүгө зарыл шарттарды калыптандырган негиздер түзүлдү.

Кайра иштетүү өнөр жайында жаңы долбоорлор, инфраструктураны жана социалдык чөйрөнү жакшыртуу боюнча долбоорлор ишке киргизилди.

Салык жана бюджеттик саясат региондук өнүгүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып өзгөртүлдү. Кредиттик ресурстардын олуттуу үлүшү региондорго жумшалды.

Региондордун адистешүүсү, ошондой эле жергиликтүү сырьену эске алып, кластердик өндүрүштөрдү жайгаштыруу улантылууда. Багбанчылык, балык чарбасы, чакан энергетика жана туризм чөйрөсүндө жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү боюнча шарттар түзүлдү.

Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында мамлекеттик жана муниципалдык сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча масштабдуу иш жүргүзүлдү. Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы иштей баштады, ал аркылуу жарандар зарыл болгон кызматтарды электрондук форматта ала алышат.

«Санарип Кыргызстан» бирдиктүү санарип платформасы түзүлдү. «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук системасына бардык мамлекеттик органдар, бир катар коммерциялык банктар жана жеке түзүмдөр кошулду. Онлайн электрондук төлөмдөрдүн жана мобилдик банкингдин системасы ишке киргизилди.

Бирин бири кайталаган функцияларды жана кагаз түрүндөгү маалымкаттарды этап-этабы менен жоюу жүрүп жатат.

Бирок региондорду комплекстүү өнүктүрүү боюнча жүргүзүлгөн ишке карабай, системалуу өзгөртүүлөрдү жана республикалык бюджеттен ресурстук колдоону талап кылган бир катар милдеттер аткарылбай калууда.

Региондордун жашоочулары үчүн абдан маанилүү болгон социалдык жана өндүрүштүк инфраструктураны мындан ары жакшыртуу артыкчылыктуу багыт бойдон калат.

Региондорду башкаруу жана региондук саясатты координациялоо маселелери боюнча натыйжалуу институттар түзүлө элек.

Тандалып алынган пилоттук шаарлардын негизинде өнүгүү борборлорун түзүү боюнча процесстер жай темпте жүрүүдө.

Региондорду өз алдынча өнүктүрүүгө дем берүү, жергиликтүү демилгелерди жана инновациялык долбоорлорду колдоо боюнча натыйжалуу чаралар иштелип чыга элек.

Инвестициялык жана бизнес климатты жакшыртуу боюнча кабыл алынган мыйзамдык демилгелерди жер-жерлерде ишке ашыруу толук болбой жатат. Жергиликтүү эл менен инвесторлордун ортосундагы мамилелерге байланыштуу көйгөйлөр жоюла элек.

Заманбап технологияларды узак мөөнөткө жана натыйжалуу пайдалануу, санариптештирүүдөн пайда табуу максатында мамлекеттин, жеке сектордун жана жарандардын байланышынын жаңы платформаларын түзүү зарыл.

Калктын кеңири катмары, бизнес, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн негизги санариптик көндүмдөрдү түзүү боюнча чараларды кабыл алуу маалыматтык коомду түзүүнүн кезектеги этабындагы актуалдуу милдет болуп эсептелет.

Санариптештирүү процессине жеке сектордун өкүлдөрүн активдүү тартуу зарыл. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери колдонулган долбоорлор санариптик экономиканы куруу үчүн ресурстарды мобилизациялоону тездетүүнүн башаты болууга тийиш.

Кыргызстанды келечекте инновацияларга жана билимге таянган, өнүккөн маалыматтык коому бар өлкө кылуу максаты бекитилген.

Мамлекет тарабынан адам капиталын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар жетиштүү деңгээлде түзүлүшү керек.

Жогоруда аталган милдеттер менен катар эле балдарды, өзгөчө жетим балдарды, оор турмуштук жагдайда калган балдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоону мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныктоо зарыл.

Кыргыз Республикасында калктын үчтөн биринен көбүн балдар түзөт. Жакырчылыкта жашаган балдардын көрсөткүчү жогору бойдон калууда. Беш жашка чейинки балдардын үчтөн биринен көбүнө мектепке чейинки билим жеткиликтүү эмес. Ар бир онунчу бала мектепке чейинки даярдоонун уюштурулган программасына тартылган эмес.

Интернаттык мекемелерге жиберилген балдардын саны азайбай жатат.

Аймактарда социалдык кызматтарды көрсөтүү жолго коюлган эмес.

Социалдык коргоо, бала багып алуу, асырап алуу, кам көрүү системасында коррупциялык көрүнүштөр жоюла элек.

Коомдо балдар зомбулукка жана басмырлоого туш болгон учурлар бар.

Балдардын ден соолугун коргоо, аларды татыктуу өстүрүү мамлекет үчүн артыкчылыктуу милдет болуп эсептелет.

Кош бойлуу аялдарга жана балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу, үй-бүлөдөгү зомбулукту болтурбоо, өсүүсү кечиккен балдарды эртелеп аныктоо боюнча иш-аракеттерди активдештирүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү балдарды өстүрүү, алардын материалдык абалын жакшыртуу, социалдык колдоо жана коргоо үчүн татыктуу шарттарды түзүүгө милдеттүү.

Балдарды коргоо, эненин жана ымыркайдын саламаттыгын сактоо маселелерине коомчулукту, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана башка мамлекеттик институттарды тартууга өзгөчө көңүл бурулушу керек.

Региондорду өнүктүрүүнү тездетүү, өлкөнү санариптик трансформациялоону күчөтүү жана балдарды ар тараптан колдоо максатында токтом кылам:

  1. 2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялансын.
  2. Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды комплекстүү колдоо боюнча чараларды ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маанилүү милдети деп эсептелсин.
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын
10-январындагы № 2 «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыктарын ишке ашырууну улантуу;

— экспортко багытталган ишканаларга дем берүү жана тышкы рынокко ата мекендик айыл чарба продукцияларын чыгаруу боюнча чараларды күчөтүү;

— таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык тармактарды өнүктүрүү программаларын ишке ашырууну тездетүү жана бул тармактарга тартылуучу ресурстарды көбөйтүү чараларын күчөтүү;

— 2020-жылы санариптештирүү үчүн артыкчылыктуу багыт катары социалдык чөйрөнү, анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо, эмгек жана социалдык өнүктүрүү секторлорун аныктоо;

— айыл чарба, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндөгү экономиканын субъекттери үчүн заманбап өндүрүштүк жана маалыматтык технологиялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

— санарип демилгелерди өнүктүрүү максатында «Санарип Кыргызстан» атайын фондун түзүү;

— маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү алдыңкы компанияларды тартып, Санарип лидерлердин клубун түзүү;

— киберкоопсуздукту коргоонун, жеке маалыматтарды жана санариптик этиканы сактоонун жетиштүү деңгээлин камсыз кылуу;

— лицензияларды жана уруксат кагаздарын электрондук түргө өткөрүү;

— архитектура жана курулуш секторунда «бирдиктүү терезе» принцибин киргизүүнү тездетүү;

— сот системасын, прокуратура органдарын жана укук коргоо органдарын санариптештирүү процессин улантуу;

— мамлекеттик органдардын маалыматтарын сактоо жана иштеп чыгуу үчүн бирдиктүү дата-борборду түзүү;

— «Санарип аймак» электрондук платформасын киргизүү;

— мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталы аркылуу жарандардын арыздарын кароонун жыйынтыктарын чагылдыруучу бирдиктүү байланыш борборун ишке киргизүү;

— идентификациянын жана аутентификациянын бирдиктүү системасын ишке киргизүү;

— мурда кабыл алынган стратегияларды, пландарды ишке ашыруудагы тажрыйбанын жана жаңы чакырыктардын негизинде
2020-2030-жылдарга социалдык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу;

— жетим балдарды, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды, оор турмуштук жагдайда калган балдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдык коргоону мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныктоо;

— төрөлгөндүгү жөнүндө мамлекеттик каттоосу жок болгон бардык балдарды өздүгүн ырастаган документтер менен акысыз негизде камсыз кылуу;

— өлкөнүн бардык региондорунда балдарга персоналдык жеке номер берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн системасын заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен киргизүү;

— мектепке чейинки билим берүү мекемелерин өнүктүрүү аркылуу балдарды мектепке чейинки билим берүүгө тартуу;

— региондордо мектепке чейинки мекемелердин санын көбөйтүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу;

— балдардын аярлуу категорияларын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды алдын ала аныктоо жана чара көрүү боюнча ведомстволор аралык аракеттенүүнүн моделин үй-бүлөлүк медицинанын пилоттук борборлорунун негизинде кеңейтүү;

— региондордо балдарды жаштайынан өнүктүрүүнүн 100 борборун түзүү;

— заманбап маалыматтык системаларды, ата-эне болууга даярдык көрүүнүн инновациялык коммуникациялык ыкмаларын колдонуп, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык деңгээлинде перинаталдык жардам көрсөтүүнүн жаңыланган системасы менен улуттук деңгээлде перинаталдык борборду түзүү;

— «электрондук чөйрө», «электрондук мугалим», «электрондук окуучу», «электрондук окуу китеби» деген комплекстүү ыкмаларды колдонуп, Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда инновациялык «акылдуу» мектептердин моделин киргизүү;

— мектепке чейинки жана мектепте билим берүү мекемелерине электрондук жазылуу жана кезекке туруу системасын өркүндөтүү;

— жөнөкөйлөтүлгөн механизмдерди, маалыматтык технологияларды киргизип, социалдык колдоонун чаралары менен жаш балдарды камтууну кеңейтүү;

— пилоттук райондордо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлиндеги кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүнүн системасын андан ары кеңейтүү;

— балдардын жаштайынан өнүгүүсүнүн негизги көндүмдөрүн илгерилетүү, өсүп келе жаткан муундун ийкемдүү компетенцияларын калыптандыруу үчүн заманбап инфраструктураны жана механизмдерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте түзүү;

— балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча ата-энелик көндүмдөрдү жакшыртуу үчүн заманбап маалыматтык-коммуникациялык ыкмаларды киргизүү.

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына балдарды колдоо жана алардын жаштайынан өнүгүүсү, мектепке чейинки даярдыгы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, үй-бүлө институтун чыңдоо жана оор турмуштук жагдайда калган балдарды коомго интеграциялоо боюнча чаралардын комплексин кабыл алуу сунушталсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына региондордо электрондук төлөмдөрдү жана мобилдик банкингди ар тараптан киргизүү үчүн жол картасын иштеп чыгуу сунушталсын.
  3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
  4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти С. Ш. Жээнбеков

Пикир

Оставить комментарий