• 87
  • 90.41
  • 0.84

2020-жылы Казакстанда 200 теңге номиналындагы тыйын колдонула баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. 2020-жылы Казакстанда 200 теңге номиналындагы тыйын жүгүртүүгө чыгарылат. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук банкы билдиргенин КазТАГ агенттиги жазат.

Казакстандын Улуттук банкы билдиргендей, тыйын акчаларды узак убакытка чейин колдонууга болгондуктан 200 теңге номиналдагы тыйынды чыгаруу чечими кабыл алынган. Маселен, кичи номиналдагы кагаз акчалар 1-1,5 жылда эскирсе, чоң номиналдагы акчалар андан көбүрөөк убакытка чейин чыдайт. Ошол эле учурда тыйындарды 10-15 жылга чейин колдонууга болот.

Ал эми 200 теңгелик кагаз акчалар колдонууда болуп, эскиргендери жүгүртүүдөн алынып турат.

Пикир

Оставить комментарий