Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын жарандары 2020-жылы күзүндө өтө турган кезектеги АКШнын грин-карт (Green card) лотереясына катыша алат. Бул тууралуу Кыргызстандагы АКШнын элчилиги «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
Лотереяга катышуу үчүн коюлган талаптар так аткарылышы керек.
Бирок грин-карт утуп алгандар АКШга кандай жол-жобо менен кире турганы так жазылган эмес.
31-январда АКШ президенти Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык жана грин-карта менен виза алууга чектөө киргизген.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу мунун себебин Кыргызстан электрондук биометрикалык паспорт бербегени менен түшүндүргөн.
Кыргызстанда биометрикалык паспорт даярдоо боюнча 2018-жылы тендер өткөрүлгөн. Тендер чыр менен коштолуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилерине иш козголгон.
Пикир
Оставить комментарий