2021-жылы Мамкурулуш 24 социалдык объектинин капиталдык оңдоп-түзөөсүн бүткөрдү

Коом 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2021-жылдын жыйынтыгы менен республикалык бюджеттин "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча 24 социалдык-маданий багыттагы объекттердин капиталдык оңдоп-түзөөсүн бүткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен тармактар боюнча - 11 мектеп, 2 бала бакча, 7 саламаттык сактоо объекттери, 3 маданият тармагынын объектиси жана 1 башка объекти бүткѳрүлгѳн.

Ал эми облустар боюнча Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча - 5 объект, Баткен облусу боюнча - 6, Нарын облусу боюнча - 3, Ош облусу боюнча - 7 объект жана Талас облусу боюнча 3 объект.

Белгилей кетсек, 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 56 социалдык-маданий багыттагы объекттердин капиталдык оңдоп-түзөөсүнө 281 млн 800 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий