• 87
  • 90.41
  • 0.84

2022-2023-окуу жылына JDS программасы боюнча окууга кабыл алуу жарыяланат. Талаптар

Коом 0

Бишкек, 25.09.21./Кабар/. 2022-2023-окуу жылына JDS долбоорунун алкагында кадрларды даярдоо программасы боюнча кандидаттарды окууга кабыл алуу жарыяланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Аталган программа Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары үчүн Жапониянын университеттеринде магистр даражасын алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Квалификациялык талаптар:

– жарандыгы: Кыргыз Республикасы;

– жашы: 2022-жылдын 1-апрелине карата жашы 40тан ашпаган (туулган датасы 02.04.1981-ж. чейин);

– кесиби: мамлекеттик мекемелерде туруктуу штаттык кызматкер статусунда иштеген Кыргыз Республикасынын баардык мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлери (саясий мамлекеттик/муниципалдык, атайын жана патронаттык кызмат орундарын (консультанттар, кеңешчилер, жардамчылар) ээлегендерден тышкары);

– мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы иш стажы: 2022-жылдын 1-апрелине карата туруктуу 2 жылдан кем эмес;

– билими: жогорку (бакалавр даражасы же адистик боюнча диплом);

– англис тилин билүү: магистратурада окуу үчүн керектүү деңгээлде;

Программага катышуу үчүн арызды толтуруу жана бардык керек болгон документтерди даярдоо зары. Андан кийин арыз, бардык керектүү документтер менен кошо 2021-жылдын 12-ноябрында саат 16-30дан кечиктирилбей JDS долбоорунун Бишкек шаарындагы офисине жеке же курьер аркылуу тапшырылышы керек. Көрсөтүлгөн убакыттан кеч жана толук эмес толтурулган арыздар каралбайт.

Арыз берүү үчүн документтерди (арыздын формасы, арыз толтуруу боюнча колдонмо жана башка формалар) JDS долбоорунун офисинен, КР Мамлекеттик кадр кызматынан, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кадрлар бөлүмдөрүнөн же www.jds-scholarship.org (www.jds-scholarship.org/country/kyrgyz/index.html) сайтынан алууга болот.

Кошумча маалымат үчүн JDS JICE долбоорунун офисине кайрылуу керек: Бишкек ш., Эркиндик проспекти, 64Б, 1- этаж, “ololohausErkindik”, № 25 офис, тел.: (0550)02-63-33, (0555)81-86-18.

Пикир

Оставить комментарий