• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ишинен өзгөчөлөнгөн мамкызматкерлер сыйланды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.02.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ишинен өзгөчөлөнгөн мамлекеттик кызматкерлерге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун атынан бир катар сыйлыктарды тапшырды.

Атап айтканда министрликтердин жана административдик ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы жана кызматтык ишинде жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн сыйланышты.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун кызматкерлери жемиштүү иши, жогорку кесипкөйлүгү, Евразиялык экономикалык биримдикте Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдик органдарында Кыргыз Республикасынын төрагалык кылуусу алкагындагы иш-чараларды өткөрүүдөгү жигердүү иши үчүн сыйланышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары сыйлыкка көрсөтүлгөндөрдүн мамлекеттүүлүктү жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий