Ош облусунда жылдын жыйынтыгы менен 5 айыл өкмөтү дотациядан чыкты

Аймак 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Ош облусунда 2022-жылдын жыйынтыгы менен 5 айыл өкмөтү дотациядан чыкты.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алар:

1. Ноокат районунун Гүлистан айыл өкмөтү;

2. Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтү;

3. Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү;

4. Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтү;

5. Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтү.

Белгиленгендей, буга чейин 6 айыл өкмөтү дотациядан чыккан эле.

1. Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтү;

2. Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтү;

3. Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтү;

4. Өзгөн шаары;

5. Кара-Суу шаары;

6. Ноокат шаары;

Бүгүнкү күндө жалпы Ош облусунда дотациядан чыккан аймактын саны 11ге жетти. 2023-жылдын жыйынтыгы менен дагы 6 айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий