2022-жылы Кыргызстанда 4 миңге жакын бала асырап алынган

Коом 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. 2022-жылы Кыргызстанда 4 миңге жакын бала асырап алынган. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад балдар психоневрологиялык интернатынын жана "Ак-Жол" реабилитациялык борборунун тарбиялануучуларын Балдарды коргоонун Эл аралык күнү менен куттуктап жатып айтты.

Иш-чарага министр президент Садыр Жапаровдун көңүл буруусунун аркасында өткөн жылдан бери интернаттардагы балдардын жана чоңдордун тамактануусу кыйла жакшырганын билдирди. Тамактанууну каржылоо 100% көбөйгөндөн кийин балдар дайыма шире, мөмө-жемиш, жашылча, кондитердик азыктарды алып турушат.

"Өткөн жылдан бери майыптыгы бар балдарга жөлөк пул эки эсеге көбөйтүлүп, "Келечек" реабилитациялык борбору ачылды. Анда өзгөчө балдар ар кандай кызматтарды ала алышат. 2022-жылы 4 миңден ашык бала асырап алуу, камкордукка алуу, фостердик үй-бүлөлөргө жайгаштыруу аркылуу үй-бүлө тапты", - деди ал.

Ошондой эле Кудайберген Базарбаев ата-энелерди 1-июнга туш келген бүткүл дүйнөлүк ата-энелер күнү менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий