2022-жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү $4,5 млрд түздү

Экономика 0

Бишкек, 14.06.23. /Аида Тургунбекова - Кабар/. 2022-жылы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү 38%га өстү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйнында экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев билдирди.

Анын айтымында, экспорт 65%га, ал эми импорт 32%га өскөн.

"Жалпысынан товар жүгүртүүнүн көлөмү 4,5 млрд долларды түздү. Ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында - январь-март айларында 825,8 млн долларга жетти", - деди ал.

Малаев белгилегендей, Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө сүт азыктарын, жашылча-жемиштерди, кургатылган жемиштерди, жаңгактын түрлөрүн, кийим-кече, айнек буюмдарды жана башка товарларды экспорттойт.

"Учурда Кыргызстан өзүндө өндүргөн продукциялардын басымдуу бөлүгүн ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттойт. Демек, биздин негизги рынок ЕАЭБ өлкөлөрү, анын ичинде Россия жана Казакстан болуп саналат", - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий