• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

2022-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 300,5 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. 2022-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 300,5 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылга салыштырмалуу жалпы кирешелер 43,2%га же 90,7 млрд сомго көп.

2022-жылы салыктык кирешелердин көлөмү 229,0 млрд сомду же пландан 100,5%ды түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 77,8 млрд сомго же 51,4%га өстү.

Бажы кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 74,3 млрд сомду, же пландын 100,8%га аткарылган. Өткөн жылга салыштырганда бажылык төлөмдөрдүн жана салыктардын түшүүсү 27,4 млрд сомго, же 58,5 %га өстү.

Салык кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 154,7 млрд сомду түздү, пландык көрсөткүч 100,4%га аткарылды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 50,4 млрд сомго же 48,3%га көп.

Ошондой эле мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери 52,1 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу түшүүлөр 15,9%га же 7,2 млрд сомго өскөн. Салыктардын өсүшү мамлекеттик акциялардын пакетине кошуп эсептелген дивиденддерден, ресурстарды пайдалануу жана чалгындоо үчүн ижара акыдан жана жыйымдардан, жыйымдардан жана төлөмдөрдөн, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөрдөн, айыптардан жана дагы башка салыктык эмес түшүүлөрдөн байкалган.

Ал эми расмий гранттардын түшүүлөрү 19,5 млрд сомду түзгөн бул өткөн жылга салыштырмалуу 41,9%га же 5,8 млрд сомго өскөнүн билдирет.

Пикир

Оставить комментарий