2022-жылы миңден ашуун адам каржы пирамидасынын курмандыгы болгон

Коом 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. 2022-жылы каржы пирамида фактылары менен жалпысынан 1 миң 52 кылмыш иши тергелип, 765 иш соттук кароого жиберилген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Калгандары боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин 27 жана 246-беренелеринин негизинде өндүрүштөн кыскартылган же токтотулган кылмыш иштери бар.

Ал эми жабырлануучулардын саны 1 миңден ашык адамды түзөт. Жалпы келтирилген материалдык чыгым 273 млн сомдон ашык жана 1 млн 579 миң доллардан (болжол менен 137 млн 373 миң сом) ашык сумманы түзөт. Жалпы сумма болжол менен 410 млн 373 миң сомду түзгөн.

Каржы пирамидаларынын ишмердүүлүгү фактылары боюнча кылмыш иши козголгон: “Мега Инвест”, “Элиза үй буюмдары”, “Асыл айымдар”, “Финико”, “Файв виндс ассет мейважмемт”, “Ордо-Мурас”, “Аруке”, “Жүрөкө-Жүрөк”, “Балыкчы Ынтымагы”, “Мега Инвест”, “Аппи Трэвелс”, "Алмаз Авто", “Эл Биримдик”, “Нворк”, “Куестро Ворд”, “ОК платформа” жана башкалар.

Каржы пирамидалары өз ишмердүүлүгүн Бишкек, Ош, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарынын аймагында жүргүзүшкөн.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарга акчаны күмөндүү уюмдарга салуу кооптуу экенин эскертет.

“Каржы пирамидалар каржы уюмдары эмес жана депозиттерди кабыл алууга лицензиясы жок. Жарандар каржы пирамидаларына акча салуудан мурда аларды жоготуу коркунучу бар экенин толук түшүнүшү керек. Анын катышуучуларынын ортосундагы мамиле өз ара ишенимге негизделген, демек, акчаңыздын коопсуздугуна эч ким кепилдик бере албайт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий