Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Бишкек шаарындагы батирлердин чарчы метринин наркы 2023-жылы 2022-жылга салыштырмалуу 18,9% га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында өткөн жылга салыштырмалуу (2022-ж) батирлер рыногунда сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүнүн санынын төмөндөөсү байкалган.
Бишкек шаарында жалпысынан бир бөлмөлүү батирлер 20,3%га, эки бөлмөлүү батирлер 19,1%га, үч бөлмөлүү батирлер 16,8%га жана жеке типтеги төрт бөлмөлүү батирлер 15,1%га кымбаттаган.
Пикир
Оставить комментарий