• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Кыргызстан 10 миң электромобилди алымсыз ташып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду

Экономика 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. 2023-жылы Кыргызстан 10 миң электромобилди үчүнчү өлкөлөрдөн алымсыз ташып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев журналисттер менен жолукканда билдирди.

“Электромобилдерди ташып келүүгө карата тарифтик жеңилдик белгиленди. Натыйжада Кыргызстан 2022-жылы 5 миң, 2023-жылы 10 миң даана электромобилди үчүнчү өлкөлөрдөн алымсыз ташып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду”, - дейт ал.

Касымалиев мындан сырткары, Кыргызстандын ЕАЭБ органдарында төрагалык кылуусунун алдын ала жыйынтыктары тууралуу кеңири маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий