• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

2023-жылы Кыргызстанда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 872 миң литр күйүүчү май алынган

Экономика 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. 2023-жылы өлкө боюнча рейддик салык контролунун жүрүшүндө тиешелүү документтери жок 872 миң литрден ашык күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) тартып алынган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына таянсак, эсепке алынбаган КММди сатууда аныкталган эреже бузуулар боюнча 2 млн 939 миң сом административдик айып салынган.

Салык кызматы КРнын мыйзамдарына ылайык КММди чекене сатуу автомай куюучу станцияда автоматташтырылган башкаруу системасын жана контролдук-кассалык машинаны колдонуу менен ишке ашырыла тургандыгын эскертет.

Ошондой эле мунай жана мунай заттарынын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө үчүн контролдук пломбалар жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз колдонулат.

КР мыйзамдарын бузгандыгы үчүн административдик айыптар каралган.

Пикир

Оставить комментарий