2023-жылы Ош облусунун аймагында өнөр жай багытында 61 жаңы ишкана ачылган

Аймак 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. 2023-жылы Ош облусунда өнөр жай багытында 61 жаңы ишкана ачылган. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн жыл жыйынтыгы чыгарылган жыйындын жүрүшүндө белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, облустун аймагында бул багытта жалпысынан 17 млрд 276 млн сомдук продукциясы өндүрүлүп, көлөм 2022-жылга салыштырмалуу 2 млрд 656 млн сомго көп болгон.

Жалпы облус боюнча чыгарылган өнөр жай тармагынын көлөмүндө эң чоң үлүш Араван району 30%, Ноокат району 29% жана Кара-Суу району 19,7 %ды түздү.

Алсак өнөр жай багытында Кара-Суу районунда 23 ишкана ачылып, алардын арасынан эң ири “Салих Строй” ишканасы тарабынан асфальт чыгаруучу завод, Төлөйкөн айыл аймагында "Снек Фудс" ишканасы тарабынан сэндвич чыгаруучу цех, Өзгөн районунда ачылган 14 ишкананын катарында "Ош-Нур-Жол Строй" ишканасы тарабынан асфальт бетон-чыгаруучу заводу ишке кирди.

Ал эми бардык райондордо жеке ишкерлер тарабынан жеңил өнөр жайы тармагында ишканалар ачылган. Алсак, Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында 100 орундуу, Нариман айыл аймагында 40 орундуу жана Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында 50 орундуу тигүү цехтери пайдаланууга берилген.

Ишканаларды ачуунун негизинде облус аймагында жалпы 6 182 жаңы жумуш орундары түзүлүп, бул 2022-жылга салыштырмалуу 1 392 жумуш орунга көп болду.

Ошентип, жалпы республикадагы өндүрүштүн көлөмүндө Ош облусунун үлүшү 3,6% түздү (2022-жылы 3,4%).

Пикир

Оставить комментарий