• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

2024-2025-окуу жылына окуучулардын каникулунун графиги жарыяланды

Билим 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин "2024-2025-окуу жылына КР жалпы билим берүү уюмдарынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө" буйругу бекиди. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Буйрукка ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрүндө жана менчиктик формасында 2024-2025-окуу жылы 2024-жылдын 2-сентябрында башталат жана 2025-жылдын 26-майында аяктайт.

Каникул убакытын эсепке албаганда окуу жылынын узактыгы: 1-класста - 33 жуманы, 2-8, 10-класстарда - 34 жуманы жана 9, 11-класстарда мамлекеттик сынактарды тапшыруу убактысын кошкондо 36 жуманы түзөт.

2024-2025-окуу жылындагы мектептик каникулдардын графиги:

күзгү – 7 календардык күн: 2024-жылдын 4-10-ноябры. Сабактар 2024-жылдын 11-ноябрынан башталат;
кышкы – 14 календардык күн: 2024-жылдын 30-декабрынан 2025-жылдын 12-январына чейин. Окуу 2025-жылдын 13-январынан башталат;
жазгы – 7 календардык күн: 2025-жылдын 17-23-марты, сабактар 2025-жылдын 24-мартынан башталат.

480 сааттык "Наристе" мектепке чейинки даярдоо программасын окуган алты жаштагы балдар үчүн III чейректе каникул күндөрү кошумча эки жумага узартылат, ал эми 1-класстардын окуучулары үчүн III чейректе каникул күндөрү кошумча бир жумага узартылат.

Билим берүүнүн аймактык бөлүнүштөрүнүн менчигинин түрүнө жана формасына карабастан бардык мектептердин окуу пландарын ишке ашырууну, бардык мамлекеттик эмес (жеке) мектептердин билим берүү ишин уюштуруучулук-методикалык координациялоону камсыз кылуу милдети жүктөлгөн.

Мектептик жалпы билим алууда окуучуларга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында мамлекеттик жана муниципалдык мектеп-гимназиялардын, мектеп-лицейлердин, ошондой эле гимназия жана лицей класстары бар жалпы билим берүү уюмдарында билим берүү процесси жалпы билим берүүчү мектептер үчүн бекитилген базистик окуу планынын негизинде жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий