• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

2024-жылдан тарта ЕЭК коллегиясына Бакытжан Сагинтаев төрагалык кылат

ЕАЭБ 0

Бишкек, 25.12.23./Кабар/. 2024-жылдан тарта Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) коллегиясына Бакытжан Сагинтаев төрагалык кылат. Бул тууралуу Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумунда Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин билдирди.

Белгилей кетсек, Сагинтаев Казакстандын премьер-министри болуп, ар кайсы жылдары бир катар жогорку кызматтарды аркалап келген.

ЖЕЭКтин 2022-жылдын 1-июнундагы чечими менен Казакстандан ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты министри болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий