2024-жылы Айыл чарба министрлигине 13 млрд сом бөлүнөт – Бакетаев

Экономика 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Айыл чарба министрлигине 2024-жылы 13 млрд сом бөлүү каралган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Министр бул былтыркы жылга салыштырмалуу 5,1 млрд сомго көп экендигин айтты.

"Ирригация тармагына келерки жылы 1 млрд сом каралса, инвестицияларды тартуу менен суу чарба тармагын жакшыртууга, суу ресурстарына 7,1 млрд сом пландалууда. Ошондой эле, Финансы министрлиги 2024-жылы жеңилдетилген айыл чарба багытындагы насыяларга 4 млрд сом пландаган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий