• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

2024-жылы инвестиция салган компанияларга салыктык жеңилдиктер каралды

Экономика 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. 2024-жылы импортту алмаштыруучу жана инвестициялык келишимдер боюнча инвестиция салган компанияларга салыктык жеңилдиктер каралды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы бизнести текшерүүгө мораторий киргизилип, салык реформасы жүргүзүлгөн.

"Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы 27,25%дан 12,25%га чейин төмөндөтүлдү, бул эл аралык практикада уникалдуу кадам болуп саналат. Бул жаңы жана чакан ишканалардын санынын өсүшүнө жана атаандаштык чөйрөнү түзүүгө оң таасирин тийгизүүдө", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий