Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Социалдык фондунун сall-борбору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча кесипкөй жардам көрсөтөт.
Ведомстводон маалымдашкандай, ал 1202 кыска номуру аркылуу жеткиликтүү жана пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу боюнча суроолорго жооп издегендер үчүн ишенимдүү жана ыңгайлуу маалымат булагы болуп саналат.
2024-жылдын декабрь айында сall-борборго 3058 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде 2132 телефон аркылуу түшкөн чалуулар, ошондой эле сайттагы онлайн офлайн чат аркылуу 926 түшкөн кайрылуулар.
Кайрылуулардын көпчүлүгү пенсия чектөө, жеке камсыздандыруу эсептериндеги акча каражат тууралуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана башка маселелерге байланыштуу болгон.
Социалдык фонддун сall-борборунун квалификациялуу адистери мамлекеттик социалдык камсыздандырууга жана пенсиялык камсыздоого байланышкан көйгөйлөрдү чечүү жана суроолорго жооп берүү үчүн профессионалдык жардам жана кеңештерди беришет. Социалдык фонддун сall-борбору квалификациялуу жардам жана суроолоруна жооп алууну каалаган өлкөнүн
Пикир
Оставить комментарий