• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

2025-жылдан тартып Кыргызстандын премьер-лигасында VAR системасы колдонулат

Спорт 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы “Барселона” футбол академиясынын базасында атамекендик калыстар үчүн VAR видео жардам системасын колдонуу боюнча семинар өттү.

Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, анда теориялык сабактардан тышкары, оюн талаасында көргөзмө оюндун негизинде практикалык сабактар уюштурулду.

Окутууга Азия футбол конфедерациясынын инструктору, өзбекстандык Валентин Коваленко жана ФИФА инструктору, италиялык Матео Трифалони катышты.

Белгиленгендей, Кыргызстандын премьер-лигасынын ар бир оюнунда VAR системасы 2025-жылкы сезондон тарта колдонула баштайт.

VAR системасы колдонулган расмий оюндарды тейлөөгө лицензия алуу үчүн ар бир калыс төрт жолу оюн талаасында башкы калыс жана төрт жолу беттештин VAR калысы катары иштөө зарыл.

Маалымат үчүн: VAR – бул футбол маалында калыстарга жардам бере турган видео кайталоолордун системасы. Ал талаш жаралган учурларда туура чечим кабыл алуу үчүн пайдаланылат. Эгер калыс туура эмес чечим чыгарып алса, катасын оңдоодо VAR көмөккө келет. VAR - стадиондо орнотулган бир канча камералардын топтому. VAR калыстары атайын бөлмөдө мониторлор аркылуу оюнга көз салып турушат. Алар футбол талаасындагы калыстар менен дайыма байланышта болушат.

Пикир

Оставить комментарий