• 87
  • 90.63
  • 0.79

2025-жылкы жаштар арасындагы Азия оюндары Өзбекстанда өтпөй калды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 03.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Азиянын Олимпиадалык кеңеши (АОК) Өзбекстандын 2025-жылы жаштар арасындагы Азия оюндарын өткөрүүдөн баш тартканына байланыштуу аны Бахрейнде өткөрүүнү бекитти. Бул тууралуу АОКтун аткаруу комитетинин онлайн жыйынында белгилүү болду.

Ошондой эле жыйында Өзбекстандын Улуттук Олимпиада комитети АОКко кат жолдогон. Анда пандемиянын кесепетинен Ташкенттеги Олимпиадалык шаардын курулушу өз убагында бүтпөй тургандыктан өлкө 2025-жылдын сентябрь айында өтүүчү жаштардын Азия оюндарын өткөрө албастыгы жана оюндарды бир жылга жылдыруу өтүнүчү айтылган.

Бирок АОКтун башкы директору Хусейн Аль Мусаллам 2025-жылкы Азия жаштар оюндары жаш курактык чектөөлөр жана квалификациялар боюнча Сенегалдын Дакар шаарында 2026-жылы өтүүчү Жаштар Олимпиада оюндарына байланыштуу болгондуктан оюндарды кийинкиге калтырууга болбостугун айтты.

АОКтун Аткаруу комитети 2025-жылы жаштар арасындагы Азия оюндарын Бахрейнде өткөрүүгө бир добуштан макулдук берип, Өзбекстандын Улуттук Олимпиада комитетине бардык иш-аракеттери үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбекстан келечекте ири иш-чараларды өткөрө аларын белгиледи.

Эскерте кетсек, Өзбекстан 2019-жылдын сентябрь айында Дохада АОКтун чечими менен 2025-жылкы Азия жаштар оюндарын өткөрүү укугун алган. 2020-жылдын 8-августунда Өзбекстандын өкмөтү эл аралык мелдештерге даярдык көрүү чаралары жөнүндө токтомун бекитти.

2022-жылдын ноябрында президент Шавкат Мирзиёев Жаштар оюндарына карата курулган Олимпиада шаарчасынын пайдубалына алгачкы ташын койгон. 104 гектар аянттагы долбоордун баасы 289 млн доллардан ашык суммага бааланган. Объектилерди куруу боюнча келишим кытайлык China CAMC Engineering компаниясына берилген.

Пикир

Оставить комментарий