• 87
  • 90.63
  • 0.79

2025-жылы Кыргызстан үч маанилүү уюмга төрагалык кылат

Саясат 0

Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстан үч маанилүү уюмга төрагалык кылат. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев министрликтин жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында билдирди.

Кулубаев белгилегендей, 2025-жыл ар кандай маанилүү окуялар менен активдүү жана окуяларга бай болот. Келерки жыл - Эл аралык диалог, кызматташтык жана коопсуздук деген ураан астында өтөт.

«Кийинки жылы Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ), Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) жана Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) төрагалык кылат. Бул биз төрагалык кыла турган үч маанилүү уюм. Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү боюнча иш алып барууда», — деди Жээнбе Кулубаев.

Пикир

Оставить комментарий