2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо: Кыргызстандын алгачкы оюну сентябрда өтөт

Спорт 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын үчүнчү раундунун тандоо этабындагы оюндары качан өтөрү белгилүү болду.

Бүгүн, 27-июндагы чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча, Максим Лисицындин командасы А тайпасында жайгашты.

5-сентябрда 1-турдагы матчтарды утурлай Кыргызстандын футболчулары Иранга барып, улуттук курамасы менен беттешет. 2-турда болсо 10-сентябрда Бишкекке Өзбекстандын курамасы келет.

Октябрда кыргызстандыктар дагы эки оюн өткөрөт. Алгач Катар менен, андан соң Бишкекте Түндүк Кореянын курамасы менен ойнойт. Кыргызстан БАЭге каршы оюн менен 1-айлампаны жабат.

19-ноябрда Кыргызстандын улуттук курамасы Иранга каршы оюн менен экинчи айлампаны баштайт. Калган 4 оюн 2025-жылдын март жана июнь айларында болот.

Белгилей кетсек, бүгүн чүчүкулак кармоо Азия футбол конфедерациясынын Куала-Лумпурдагы штаб-квартирасында өттү. Анда 18 команда 3 топко бөлүндү.

Кыргызстандын курамасы Иран, Катар, Өзбекстан, БАЭ жана Түндүк Корея менен А тайпасында жайгашты.

Үчүнчү раундда ар бир команда 10 оюн өткөрөт. Анын жыйынтыгы боюнча, тайпаларда 1-2-орунду алган командалар дүйнөлүк чемпионатка катышат. 3-4-орунга ээ болгондор дүйнө чемпионатынын 4-раундунда жолдомо үчүн күч сынашат. 5-6-орунду алгандар тандоо турларындагы оюндарын жыйынтыктайт.

Пикир

Оставить комментарий