Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. Азия футбол конфедерациясы 2027-жылкы Азия кубогу 7-январдан 5-февралга чейин Сауд Аравияда боло тургандыгын жарыялады.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, Азия кубогунун уюштуруу комитетинин чечимине ылайык беттештерди кабыл ала турган шаарлар жана стадиондор аныкталды.
Турнир Сауд Аравиянын үч шаарындагы сегиз стадиондо уюштурулат.
- Эр-Рияд шаары: King Fahd Sports City, King Saud University, Imam Mohammed Ibn Saud University, Kingdom Arena, Al Shabab стадиондору;
- Жидда шаары: King Abdullah Sports City, Prince Abdullah Al Faisal Sports City стадиондору;
- Аль-Хобар шаарында беттештерди утурлай жаңы стадиондун курулушу пландалууда.
Эске салсак, Кыргызстандын улуттук курама командасы 2024-жылдын июнь айында Азия кубогуна жолдомону алдын ала камсыздаган.
Пикир
Оставить комментарий